2026-жылдын 19-ноябрында «Котормо иши» бөлүмүнүн окутуучусу Ашираали кызы Акмарал Пдс9-1-26 тайпасына «Daily Routines» (Күнүмдүк иш-аракеттер) темасында ачык практикалык сабак өттү.
Сабактын максаты студенттердин англис тилиндеги сөз байлыгын кеңейтүү, Present Simple грамматикасын өздөштүрүү жана сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.
Сабакта «Mime and Guess», «Picture Matching», «Daily Routine Chain» интерактивдүү оюндары жана Wordwall санариптик платформасы колдонулду. Студенттер жуптук жана топтук тапшырмаларды аткарып, күнүмдүк иш-аракеттери тууралуу англис тилинде сүйлөмдөрдү түзүштү.
Сабактын жыйынтыгында студенттердин активдүүлүгү атайын мөөрчөлөр аркылуу бааланып, «Traffic Light» ыкмасы менен рефлексия жүргүзүлдү.