Жанылыктар

Жаш окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүндө насаатчылыктын мааниси

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин Табигый илимдер жана математика кафедрасында «Устат–шакирт» программасынын алкагында экономика илимдеринин кандидаты, доцент Базиева Алия Мансуровна ассистент-стажёр Султанова Тахмина Маликовнага усулдук кеңештерди берип, насаатчылык колдоо көрсөтүүдө. Баарлашуу учурунда ченемдик-укуктук актылар, мамлекеттик билим берүү стандарттары, негизги билим берүү программалары, силлабустарды түзүү, окуу-усулдук документтерди жана баалоо каражаттарын даярдоо маселелери каралууда. Өзгөчө көңүл окуу процессин уюштурууга, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонууга жана студенттердин билим деңгээлин баалоо усулдарына бурулууда. Насаатчылыктын негизги максаты — жаш окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, усулдук колдоо көрсөтүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
84 06:46 21-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|