Чыгыш таануу институтунун директору Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн "Конок лекция" өттү.
18:52
21-11-2026
141
5-ноябрь, 2026-жыл.
Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев М. Адышов атындагы Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата "Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары" - деген темада "Конок лекция" өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Лекциянын соңунда лектор Жолдошбек Бөтөнөевге ОшТУнун ректорунун ыраазычылык барагы тапшырылды.
Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз!