Жанылыктар

PHARM NEWS: «ФАРМАЦИЯ КУБОГУ – 2026 (Волейбол)» СПОРТТУК ТУРНИРИ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 8-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде сергек жашоо образын жайылтуу, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы ынтымакты жана достукту чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү «Фармация кубогу – 2026» спорттук турниринин Волейбол боюнча мелдеши өткөрүлдү. Аталган турнир Фармация адистигинин «Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия», «Фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы», «Нормалдуу жана патологиялык физиология жана фармакология» кафедраларынын демилгеси жана колдоосу менен уюштурулду. Мелдешти уюштуруу иштерине Фармация адистигинин маданий жана спорт секторлоруна жооптуу окутуучулары Султанов Н.Э., Чотобаев Н.Ж., Сатимова Ж., Нурбаева К. активдүү катышышты. Турнирге адистиктин окутуучулары, студенттери жана бутуруучулор катышып, спорттук атаандаштык, командалык биримдик жана достук маанайда күч сынашты. «Фармация кубогу – 2026» турниринин волейбол боюнча жыйынтыгы: I орун – 2025/26 о.ж. бутуруучулору командасы. II орун – Кечки бөлүмдүн 4-курсунун командасы. III орун – Кечки бөлүмдүн 5-курсунун командасы. Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бардык катышуучуларга активдүүлүгү жана спорттук маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Спорт – ден соолуктун булагы, биримдиктин жана достуктун символу!
64 14:38 22-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|