Мамлекеттик тил – улут сыймыгы, эне тил – улут казынасы!
15:29
23-11-2026
87
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинде салтанаттуу майрамдык кече болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер эне тилди даңазалаган ырларды айтып, кыргыз калкынын бай маданиятын чагылдырган көркөм окууларды жана шаңдуу бийлерди тартуулашты. Тилдин коомдогу ордун жана маанисин арттырууга багытталган бул салтанат катышуучуларга өзгөчө майрамдык маанай тартуулады. Салтанат аягында эне тилибизди сактоо, өнүктүрүү жана келечек муунга калтыруу ар бир жарандын атуулдук милдети экендиги баса белгиленди.
Уюштуруучулар: коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Б.Алымбаева, М.Айтиева, Жанибек уулу У, Алмаз уулу А