Жанылыктар

Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө арналган конок лекция

2026-жылдын 6-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинин финансы жана банк иши бөлүмүнүн башчысы, доцент О.Э.Абдрахмановдун жана окутуучу Сооронбек кызы Толкунайдын демилгеси менен «Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө» карата «Евразиялык сактык банкынын» адистеринин катышуусунда конок лекция уюштурулду. Иш-чарага колледждин 3-курсунун 080106 финансы (тармактар боюнча) жана 080108 банк иши адистиктеринин студенттери катышты. Уюштурулган конок лекция студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, акча топтоо маданиятын калыптандырууга жана банк тармагындагы практикалык билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү. Иш-чара студенттердин кызыгуусун арттырып, теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
31 09:14 24-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|