Кыргыз-Кытай факультетинде кезектеги отурум болуп өттү
09:14
24-11-2026
34
2026-жылдын 23-ноябрында Кыргыз-Кытай факультетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду факультеттин төрагасы Т.С. Пазылов алып барды.
Отурумдун жүрүшүндө 2026–2027-окуу жылынын күзгү семестриндеги студенттердин I аралык текшерүүсүн (модулдук) уюштуруу, ошондой эле Наманган мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинин делегациясынын иш сапары жана эки тараптуу академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, ар түрдүү маселелер талкууланып, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.
Отурум факультеттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.