Студент кыздардын адеп- ахлагы, зордук- зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу
09:43
24-11-2026
52
2026-жылдын 19-ноябрында Финансы-юридикалык колледжинде «Экономика жана бухгалтердик эсеп, салык жана салык салуу, финансы жана банк иши » адистиктеринин 1–курсунун студент кыздары үчүн *«Студент кыздардын адеп ахлагы, зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу »* аттуу темада түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чараны окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматали уулу А. жана Аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А. уюштурушту.
ЖыйынгаОш ШИИБдин Ак-Буура милициясынын бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Ысабеков Талгат Жумабаевич, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери — милициянын капитаны Джаныбаев Руслан Төрөгелдиевич жана улук лейтенант Алмазбек кызы Бермет катышты.
Коноктор студент кыздарга интернеттеги жана коомдук жайлардагы коопсуздук, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, адеп-ахлак, кийинүү маданияты жана ден соолукка кам көрүү боюнча маалымат беришти. Студенттердин суроолоруна жооптор берилип, коопсуз жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү.
Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коопсуз чөйрөнү калыптандырууга багытталган.
#ФинансыЮридикалыкКолледжи #Студенттер #Коопсуздук