«Кесиптик билим берүүдөгү кызматташтык: STEM колледжинде конок лекция»
10:10
24-11-2026
29
Техникалык адистиктер бөлүмүнүн башчысы Мамаев Самарбек Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде конок лекция өттү.
Конок лекция 230109 – «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» адистигинин студенттерине арналып, «Объектке багытталган программалоо» темасында уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин кесиптик билимдерин өркүндөтүү, заманбап программалоо технологиялары боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү жана жогорку квалификациялуу IT адистерин даярдоого багытталган тажрыйба алмашууну өнүктүрүү.
Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, окутуучулардын педагогикалык жана кесиптик тажрыйбасын жайылтууга, ошондой эле студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.