Haber

«Кесиптик билим берүүдөгү кызматташтык: STEM колледжинде конок лекция»

Техникалык адистиктер бөлүмүнүн башчысы Мамаев Самарбек Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде конок лекция өттү. Конок лекция 230109 – «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» адистигинин студенттерине арналып, «Объектке багытталган программалоо» темасында уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин кесиптик билимдерин өркүндөтүү, заманбап программалоо технологиялары боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү жана жогорку квалификациялуу IT адистерин даярдоого багытталган тажрыйба алмашууну өнүктүрүү. Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, окутуучулардын педагогикалык жана кесиптик тажрыйбасын жайылтууга, ошондой эле студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
32 10:10 24-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|