Жанылыктар

Айыл чарба колледжинде "Келечектин аграрлары" аттуу студенттикке кабыл алуу аземи болуп өттү.

24-ноябрда ОшМУнун Айыл чарба колледжинде "Келечектин аграрлары" аттуу студенттикке кабыл алуу аземи болуп өттү. Иш -чаранын максаты: студенттердин кесипке болгон кызыгуусун ойготуу,өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу, интеллекттуалдык деңгээлин көтөрүү, ой жүгүртүү, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү, команда менен иштөөгө жол ачуу, достукка, ынтымакка тарбиялоо. Биринчи курстун студенттери ант беришип, жогорку курстун стуленттери "Билим ачкычын" жана "Студенттик билетти" тапшырышты. Иш- чара студенттик логикага, агрардык темага байланышкан суроо жооптор, оюндар менен коштолду. Биринчи курстун студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чарага ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору, ф.и.к. доцент Мапаева Нуржамал Аблиллажановна катышып, студенттерди куттуктады жана ОшМУнун жетишкендиктери боюнча маалымат берди жана иш -чара жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.
39 04:46 25-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|