News

Ош облустук аялдар форуму

2026-жылдын 13-ноябрында, Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун чоң залында “Аял, үй-бүлө-улуттун уңгусу жана тиреги” аттуу Ош облустук аялдар форуму ийгиликтүү болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынан келген КР Жогорку кеңешинин айым депутаттары, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, облустук башкармалыктардын өкүлдөрү, аялдар кеңештеринин төрайымдары, Баатыр энелер, ишкер айымдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Форумга ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А. катышты. Форумда “Үй – бүлөлүк баалуулуктар жана заманбап коомдогу аялдардын ролу” маселелери талкууланды. Жыйынтыгында форумдун Резолюциясы кабыл алынып, расмий коноктор тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
47 06:10 25-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|