Новости

ОшМУнун профессору эл аралык конгресске катышты

2026-жылдын 19–22-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн VI Түрк дүйнөсүнүн эл аралык билим берүү илимдери жана коомдук илимдер конгрессине Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен университеттин профессору, психология илимдеринин доктору Жолдошева Акчач Олмасовна акысыз катышып келди. Окумуштуу конгрессте өзүнүн психологиялык изилдөөлөрүнүн негизинде даярдалган «Билим берүү кызматкерлеринин психикалык саламаттыгы жана кесиптик чарчоонун көйгөйлөрү» аттуу илимий макаласын сунуштады. Акчач Олмасовнанын айтымында, бул конгресс тарыхый мааниси жана илимий мазмуну менен өзгөчөлөндү. Ал Шейх Эдебалинин дүйнөдөн кайткандыгынын 700 жылдыгына арналып, түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулуктарын даңазалоого, илимий жетишкендиктерди жайылтууга жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталды. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Македония, Кипр жана Болгариядан келген окумуштуулар катышып, билим берүү жана коомдук илимдер жаатындагы изилдөөлөрүн талкууга коюшту. Конгресстин алкагында илимий пикир алмашуулар, талкуулар жана тажрыйба бөлүшүүлөр уюштурулуп, жаңы идеялар жаралып, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
12 03:22 26-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|