25.11.2026- жыл I сменанын III парасында 213 каанада экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин бүтүрүүчү курстары үчүн “Тармактардагы 1 С” дисциплинасынын алкагында, “ЖЧК Малик Брост ишканасынын мисалында практикалык бухгалтерия менен бухгалтердик программалардын байланышы, учурдагы абалы”- деп аталган актуалдуу тема боюнча конок лекция болуп өттү. Лектор Малик Брост ишканасынын бухгалтери Саипов Нуртилек Таалайович болду. Лекция учурунда он-лайн форматта салык отчетторун кантип тапшырууну жана ишкананын финансылык отчеттуулугун 1С программада көрсөтүп берди. Лектор бир нече чарбалык орерацияларды аткарып, программада студенттер практика жүзүндө көрө алышты. Конок лекциянын уюштуруучусу Стамбекова А.Н