Фиансы-юридикалык колледжинде КМШнын 35 жылдыгына арналган тарбиялык иш-чара өткөрүлдү
07:31
26-11-2026
45
2026-жылдын 24-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде «КМШ – 35 жыл: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү кызматташтык, актуалдуу чакырыктар жана келечектүү багыттар» аттуу темада маалыматтык-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны Коомдук илимдер жана АЧД предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Садыкова М.Т. уюштуруп, өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, эл аралык кызматташтыктагы орду жана бүгүнкү күндөгү мааниси жөнүндө студенттердин билимдерин кеңейтүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМШнын түзүлүшүнө негиз болгон тарыхый окуялар, мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтык маселелери каралды. Ошондой эле азыркы глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы актуалдуу чакырыктар, мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн мааниси жана келечектүү өнүгүү багыттары талкууланды.
Студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти жана кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Мындай иш-чаралар жаш муундардын тарыхый билимин тереңдетүүгө, жарандык жоопкерчилигин арттырууга, эл аралык кызматташтыкка болгон түшүнүгүн калыптандырууга жана дүйнөлүк коомчулуктагы өзгөрүүлөргө сергек көз караш менен кароого өбөлгө түзөт.