Араб таануу боюнча эл аралык илимий форумга катышуу
12:24
26-11-2026
23
2026-жылдын 18–19-ноябрында Индонезиядагы Маулана Малик Ибрахим атындагы Маланг мамлекеттик ислам университетинде «Санарип доорунда араб тилин жана адабиятын окутуудагы жаңы маселелер» аттуу эл аралык илимий форум өткөрүлдү.
Аталган форумга Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу **Бекназаров Сабырбек Мамасалиевич** катышып, эл аралык деңгээлдеги илимий тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алды.
Бул иш-чара араб тилин окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулоого жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.