News

М.М. Мамитова студенттерге «КМШ-35 жыл: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү кызматташтык, актуалдуу чакырыктар жана келечектүү багыттар» деген темада мазмундуу лекция окуду.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин № 2674 буйругунун негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата айыл-чарба колледжинде студенттер үчүн «КМШ-35 жыл: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү кызматташтык, актуалдуу чакырыктар жана келечектүү багыттар» аттуу тематикалык лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты: Студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, анын негизги максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берүү; Шериктештикке мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгынын маанисин түшүндүрүү. Ошондой эле жаштардын тарыхый аң-сезимин, эл аралык мамилелерге болгон кызыгуусун арттыруу, Кыргызстан үчүн КМШнын ордун жана келечектеги кызматташтык багыттарын талдоого үйрөтүү. Иш-чараны окуу иштери боюнча директордун орун басары Чолпон Мансуровна ачып берип, КМШнын түзүлүшүнүн тарыхый маанисине, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ордуна жана бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолду. Андан соң КИжАЧДББ ПЦКсынын окутуучусу М.М. Мамитова студенттерге «КМШ-35 жыл: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү кызматташтык, актуалдуу чакырыктар жана келечектүү багыттар» деген темада мазмундуу лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө КМШнын түзүлүшүнө алып келген тарыхый шарттар, 1991-жылы Шериктештиктин негизделиши, анын максаттары жана негизги ишмердүүлүк багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди.Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштар, соода-сатык, билим берүү, илим, маданият, миграция жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык маселелери каралды. Өзгөчө Кыргызстандын КМШ алкагындагы орду, Шериктештикке мүчө мамлекеттер менен болгон экономикалык жана гуманитардык байланыштары, кызматташуунун өлкө үчүн мааниси белгиленди. Мындан тышкары, азыркы геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында КМШнын алдында турган актуалдуу чакырыктар жана келечектүү өнүгүү багыттары талкууланды.
29 03:13 27-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|