News

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинде «XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башындагы АКШ» темасында ачык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 25-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде «Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо» ПЦКсынын окутуучусу Садыкова Максатай тарабынан ЭБР3-26 тайпасында дүйнөлүк тарых сабагынан «XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башындагы АКШ» деген темада ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башындагы Америка Кошмо Штаттарынын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн негизги өзгөчөлүктөрү менен таанышып, индустриялаштыруу процесстерин, өнөр жайдын өнүгүшүн, өлкөнүн экономикалык кубаттуулугунун чыңдалышын жана АКШнын дүйнөдөгү алдыңкы державалардын бирине айланышын үйрөнүштү. Сабак интерактивдүү окутуу ыкмаларын, көрсөтмө куралдарды жана көйгөйлүү суроолорду колдонуу менен уюштурулуп, студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн, таанып-билүү активдүүлүгүн жана өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталды. Сабактын жүрүшүндө студенттер талкууларга активдүү катышып, тарыхый окуяларды талдап, алган билимдерин бышыкташты. Ачык сабак студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүүгө, аналитикалык көндүмдөрүн калыптандырууга жана дүйнөлүк тарыхты үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
35 07:15 27-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|