Жанылыктар

BilimAl платформасы боюнча семинарга катышуу

21-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында мектеп мугалимдери, ОшМУнун окутуучулары жана бүтүрүүчү студенттер үчүн «BilimAl — заманбап билим берүү платформасы» аттуу семинар болуп өттү. Аталган семинарга Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Калыкова Сабира катышып, заманбап билим берүү технологиялары жана жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пайдалуу маалыматтарды алып келди. Семинардын жүрүшүндө жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү, интерактивдүү окутуу ыкмалары жана санариптик технологияларды сабак өтүүдө натыйжалуу колдонуу жолдору менен таанышты. Ошондой эле BilimAl.kg платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, интерактивдүү тапшырмаларды түзүү, билим берүүчү оюндарды колдонуу, тест түзүү, презентация даярдоо жана жасалма интеллекттин жардамы менен сабактарды жаңы деңгээлге чыгаруу жолдорун үйрөндү. Мындай семинарлар кесиптик өнүгүүгө, тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
29 09:10 27-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|