News

Студенттер Тамбов университетинде диалектологиялык практикасынын жыйынтыгын онлайн сунушташты

26-ноябрда ОшМУ жана Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин кош диплом программасында билим алып жаткан 2-курсунун студенттеринин диалектологиялык практикасы жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, сентябрь-октябрь айларында студенттер Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинде такшалуудан өтүшкөн. Ал жакта орус тилинин диалектилерин өздөштүрүп, теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, илимий изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүшкөн.

Онлайн-конференция форматында өткөн жыйынга аталган окуу жайдын орус тили, орус жана чет элдик адабият кафедрасынын башчысы Наталья Желтова, практиканын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Татьяна Махрачева жана Карьера жана практика борборунун директору Марклен Бабаев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча баяндама жасап, жыйынтыгында катышуучулар алардын эмгектерин талкуулап, жалпы практикага баа беришти.

13 09:17 27-11-2026

                 

News

|< 1 2 3 >|