Haber

«Соттук экспертиза» адистигининде ачык сабак

2026-жылдын 25-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Тарыхюридика институтунда 530002 – «Соттук экспертиза» адистигинин ЭК-1-25 тайпасынын 2-курс студенттери үчүн саат 11.40 (215 ауд.) ачык семинардык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты «Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши» кафедрасынын ю.и.к., улук окутуучусу Ысманова Раушан Закирмаматовна «Жараандык укук» предмети боюнча «Понятие, предмет объектов гражданского права» деген темада өттү. Сабактын жүрүшүндө жарандык укуктук мамилелер багытталган материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар каралды, аларга буюмдар, акча, мүлк, кызмат көрсөтүүлөр жана интеллектуалдык менчик кирээри баса белгиленди. Жараандык укук адамдардын мүлктүк укуктарын коргоого жана талаш- тартыштарды мыйзамдуу чечүүгө жардам берет жана сабакта аларды практикалык колдонмолору кенири каралды. Семинардык сабакта студенттердин теориялык билимдерин практикалык тапшырмалар, интерактивдүү усулдар жана талкуулар аркылуу бекемдөөгө көңүл бурулду. Студенттер теманын алкагында өз ойлорун билдирип, суроолорго жооп берип, жараандык укуктун объектилерин талдоого активдүү катышышты. Ачык сабак студенттердин укуктук ой жүгүртүүсүн, талдоо жөндөмүн жана алган билимдерин практикада колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Сабакта ТЮИнин ОУКнин төрайымы ю.и.к., доцент Эгембердиева Н.А., ю.и.доктору Акматова А.Т., “КСЭБИ” кафедрасынын башчысы ю.и.к., доцент Арстанбеков М.С., “КСЭБИ” кафедрасынын ага окутуучусу Ташмаматов А.А., “КСЭБИ” кафедрасынын окутуучусу Мамашов Б.К. ачык катышып сабак өз максатына жетти жана абдан жакшы деген баа коюп, сабактын аягына чейин катышып беришти. Мындан кийинки илимий иштерге ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана чоң ийгиликтерди каалап, ар дайым изденүүдөн тажабай, билим жолунда бийик максаттарга жетип, ийгиликтерди багынта бериңиз деген каалоо тилек айтып кетишти.
13 09:19 27-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|