ОшМУда өзбек адабияты, журналистикасы жана котормо өнөрүнө арналган илимий-адабий кече өттү
09:49
27-11-2026
9
27-ноябрда ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде өзбек адабияты, журналистикасы жана котормо өнөрүнө арналган илимий-адабий кече өткөрүлдү.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө «Кыргызстандагы өзбек адабияты жана маданияты: адабият, изилдөө, билим берүү жана котормо маселелери» аттуу практикалык семинар уюштурулуп, өзбек адабиятынын өнүгүшү, билим берүүдө улуттук адабиятты окутуу, чыгармаларды которуу жана маданий борборлордун ролу талкууланды. Ошондой эле өзбек акындарынын чыгармалары жана котормо адабияттары камтылган китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кеченин экинчи бөлүгү «Руханий көпүрө жана илхам кареги: юбилей, поэзия жана котормо таануу» аталышындагы адабий-музыкалык программа менен уланып, Кыргызстандын эл жазуучусу Абдугани Абдугафуровдун 85 жылдык мааракеси белгиленди. Жазуучунун чыгармачылык жолу тааныштырылып, чыгармаларынан көркөм окуулар тартууланды.
Мындан тышкары, филология илимдеринин кандидаты Хосиятхон Бекмирзаева которгон З.М. Бабурдун «Бабурнаме» чыгармасынын кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болуп, эмгектин адабий жана маданий мааниси белгиленди.
Иш-чара кыргыз жана өзбек элдеринин адабий мурастарын жайылтууга, котормо өнөрүн өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы руханий-маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталды.
Кечени ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети, Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугу жана Өзбек улуттук-маданий борбору биргеликте уюштурушту.