Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Котормо иши» бөлүмүнүн окутуучусу Осмонова Элиза «Негизги чет тили-2» дисциплинасы боюнча «Christmas Day in the USA» темасында ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер АКШдагы Рождество майрамынын каада-салттары, улуттук тамак-аштары жана майрамдык жасалгалары менен таанышышты. Видеоматериалдар, топтук тапшырмалар, интервью жана дебат аркылуу англис тилинде өз ойлорун билдирүүгө машыгышты.
Сабак студенттердин сөз байлыгын кеңейтүүгө, сүйлөө жөндөмүн жана маданияттар аралык коммуникациялык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталды.