Конок лекция: “Enhancing Speaking Skills Through Critical Thinking Activities”
05:37
28-11-2026
63
2026-жылдын 27-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын улук окутуучусу Джумабаева Анара Эмилбековна Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Enhancing Speaking Skills Through Critical Thinking Activities” аттуу темада конок лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттердин англис тилинде сүйлөө көндүмдөрүн сынчыл ой жүгүртүү аркылуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмалары каралды. Ошондой эле студенттердин өз оюн эркин билдирүүсү, аргумент келтирүүсү, талкууга активдүү катышуусу жана өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган интерактивдүү тапшырмалар жана практикалык көнүгүүлөр сунушталды.
Конок лекция студенттер үчүн тажрыйба алмашууга, англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга жана коммуникативдик компетенцияларын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
Мындай академиялык жолугушуулар жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, окутуучулардын кесиптик тажрыйба алмашуусуна жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.