22-апрель ОшМУда ачык эшик күнү болуп өттү. Ал жерде окуучуларга кесип тандоосу үчүн ар бир факультет өздөрүнүн кесиптери боюнча маалымат беришип, багыт көрсөтүп кетишти. Физика-техника факультетинин студенттери кесиби жөнүндө терең түшүнүк берип, студенттер тарабынан ойлоп табылган нерселерди көрсөтүп беришти.