Жыйындын жүрүшүндө 1-2-август күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүүчү “Мекендештер” форумуна алдын-ала даярдыктар жөнүндө сөз болду. Мындай үлкөн иш чара быйылкы жылы ОшМУнун базасында өткөрүлөрүн айткан Роза Отунбаева аталган форумга дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, туулуп өскөн мекенине, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында инвестицияларды тарткан, ар биринин өзүнүн уникалдуу дүйнөсү бар мекендештерибиз келээрин жана бул пикир алышуучу ири плошадка болуп, долбоорлор менен иштешүүгө, баарлашууга жол ачарын кошумчалады.
Ал эми университетте бул багытта даярдык иштери жүрүп, учурда атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Бул багыттагы иштер “Ош мамлекеттик университетинин салымы жана катышуусу” деген презентацияда камтылып, аны менен ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Э. Камалов тааныштырды. Анда сүрөт, дизайнер-стилисттер, улуттук музыкалык аспаптар, кыргыздын тарыхын, маданиятын, белгилүү инсандарын, керемет жерлерин, фольклордук музыкасын чагылдырган аудио, видеолордун, кол өнөрчүлөрдүн, көргөзмөлөрү, концерттик программалар, заманбап китептердин жарманкеси сыяктуу программалар камтылган.
Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты-дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарды бириктирүү жана байланыш түзүү, Кыргызстандын өсүү, өнүгүү процесстерине мекендештер кошкон же кошо турган маанилүү салымды издөө жана аларды эл арасына үлгү катары жайылтуу болуп саналат.