Жолугушууда форумдун программалары талкууга алынып, буга чейин аткарылган иштер, алдыда жасалчу жумуштар, пландар боюнча сөз болуп, ОшМУнун форум өтүүчү тиешелүү жерлери жеринде көрүлүп, сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынган ОшМУдан уюштуруу ишине жооптуу дистанттык жана сырттан окуутуу боюнча проректору Олжобай Шаимкулов, эл аралык байланыштар боюнча проректору Эрлан Камалов жана көргөзмө, концерттик программа сыяктуу бир нече багыттар боюнча жооптуу өкүлдөр катышышты.
Кыргызстандык мекендештердин «Мекендештер -2016» үчүнчү форумуна даярдыктар жүрүп жатат
14:49
«Мекендештер – 2016» III форуму үстүбүздөгү жылдын 1-2-август күндөрү Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өтөт. Бул багытта уюштуруу комитети бир нече жолу форумдун ишин уюштуруу боюнча Ош мамлекеттик университетине келип иштин жүрүшү боюнча жыйындарды өткөрүшкөн. Бул жолу 13-июль күнү Ош мамлекеттик университетине келген фонддун өкүлдөрү Роза Кайыкова, Алена Мухавикова, Данияр Сүйүндүк уулу Ош мамлекеттик университетиндеги уюштуруу комитети менен жолугушуп, пикир алышты.
2942 14:49 14-07-2016