Жолугушууда форумдун программалары талкууга алынып, буга чейин аткарылган иштер, алдыда жасалчу жумуштар, пландар боюнча сөз болуп, ОшМУнун форум өтүүчү тиешелүү жерлери жеринде көрүлүп, сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынган ОшМУдан уюштуруу ишине жооптуу дистанттык жана сырттан окуутуу боюнча проректору Олжобай Шаимкулов, эл аралык байланыштар боюнча проректору Эрлан Камалов жана көргөзмө, концерттик программа сыяктуу бир нече багыттар боюнча жооптуу өкүлдөр катышышты.










