Новости

Стейкхолдерлер менен иш алып баруу боюнча

Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын демилгеси менен 2016-жылдын 27-октябрында Ош шаарындагы жаш ишкерлер ассоциациясынын байланыш менеджери Жасур Парпиев ФЮКтун студенттери жана окутуучулары менен биргеликте Ош-ЖИАнын ишмердүүлүктөрү жана коомдогу орду боюнча презентация өткөрүп, андан кийин талкуу суроо-жооп менен уланды. Натыйжада студенттердин ЖИА менен иштөө кызыкчылыктары артып, байланышуу максатында даректерин алышты. Бул иш чара көз карандысыз аккредитациянын стейкхолдерлер менен иш алып баруу критерийлерине салым кошуу максатында уюштурулуп жатат. Мындан ары • студенттерди практикага жөнөтүүдө көмөк көрсөтүү; • окуу пландарын талкуулоодо өндүрүштө иштеген адистер менен макулдашуу; • Өндүрүштөн келип лекция өтүү; • Окутуучулардын тажрыйба алмашуусу ж.б. иш чаралар пландаштырылды.
1872 09:12 03-11-2016

                 

Новости

|< 1 2 >|