Ош мамлекеттик университети менен Казакстандын Алматы шаарындагы НАРХОЗдун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишиминин негизинде 2015-2016-окуу жылында ИСТ багытынын ИСТЭ профили боюнча 2-курста эң жакшы бааларга окуп жатышкан студенттер: Турдуматова Жибек, Эламан кызы Анара Алматы шаарына барып окуп келүүгө макулдук алышып, билим алып кайтышты.
2016-жылы 21-сентябрда МИТ факультетинин студенттери үчүн Турдуматова Жибек жана Эламан кызы Анара тарабынан НАРХОЗ университети боюнча баяндама жасалды. Баяндама презентациялар менен коштолуп, суроо-жооп түрүндө жүргүзүлдү. Студенттердин кызыккан суроолоруна толук кандуу жооп ала алышты.
Академиялык мобилдүүлүк келишими боюнча ОшМУда окуган студенттер контракттык акыны ОшМУга төлөйт, ал эми НАРХОЗдо акысыз окуп келе алат.