Жанылыктар

Кытай ырларын аткаруу боюнча конкурс

2014-жылдын 9-апрелинде ОшМУнун Конфуций институтунда кытай ырларын аткаруу боюнча ЖОЖдор аралык конкурс уюштурулуп, ага ОшМУнун 3 командасы (Конфуций институту, эл аралык мамилелер факультети, бизнес жана менеджмент факультети), Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Кыргыз-кытай гуманитардык-экономикалык институтунун командалары катышты. Бул конкурста эл аралык мамилелер факультетинин студенттери кытай ырларын мыкты аткаруу боюнча айырмаланып, жыйынтыгы боюнча РВ-1-10 тайпасынын студенти Абылов Эрсултан 2-орунду, ал эми МО-2-12 тайпасынын студенти Тажимырза кызы Умутай 3-орунду женип алды. Бул иш-чара аймак таануу кафедрасынын окутуучусу Култаев Амантур жана волонтер У Хай Яндын даярдоосу астында уюштурулду.
15047 14:13 11-04-2014

                 

Жанылыктар

|< 24 25 26 27 28 >|