Табият таануу жана география факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өттү
13:14
01-07-2017
2266
2017-жылдын 28-июнь күнү табият таануу жана география факультетинин деканы Т.А.Мамытов жетектеген профессордук-окутуучулук жамааты кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча кеп ишмердүүлүгүнүн 4 түрүн камтыган тестирлөөдөн өтүштү. Иш-чараны ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов ачып, көп тилдүү билим берүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин алгачкы этабы экендигин эске салды. Тестирлөөнү мамлекеттик тил борбору жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары З.Абдышова жана А.Парпиевалар жүргүзүштү.