2017-жылдын 10-октябрында МИТФда аккредитацияга карата өздүк баалоонун отчетун даярдоо боюнча жумушчу тобуна «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги 2-стандарт боюнча семинар өткөрдү.
Семинарда төмөнкү маслелер каралды:
· ОшМУнун миссиясына шайкеш келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп бере турган кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө багыттардын, программалар-дын жана адистиктердин Негизги билим берүү программаларын (НББП) иштеп чыгуу жана бекитүү;
· Окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын аныктоо, НББП боюнча окуу планды кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен түзүү, практикалардын бардык түрлөрүн эффективдүү пайдалануу, бүтүрүүчүнүн квалификациялык мүнөздөмөсүн түзүү;
· Студенттердин окуу жүгүнө, жетишүүсүнө жана бүтүүсүнө иш берүүчүлөрдү катыштыруу аркылуу байкоо жүргүзүүнү жана мезгили менен баалоону уюштуруу маселелери;
· Студенттердин жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программасы боюнча окутуудан күтүүлөрүнө, керектөөлөрүнө жана канааттангандыгына анкетирлөө методу менен аныктоо жана алынган жыйынтыктарды окутуу процессин өркүндөтүү үчүн колдонуу;
- Илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын окуу процессинде колдонуу.