“Маданияттуулук- улуттун жүзү”
ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен I -курстун студенттери үчүн “Маданияттуулук- улуттун жүзү”- деген темада тарбиялык кече болуп өттү. Албетте маданияттуу адам жүрүм-туруму ,сүйлөгөн сөзү, кийген кийими менен ошол улуттун күзгүсүн көрсөтүп турат, ал эми маданияттуулук ошол адамдын көркү. Кайсыл элдин маданияты күчтүү өнүксө, ошол элдин мамлекеттик туткасы бекем болот. Ар бир адам өзүн маданияттуу алып жүрүүсү коомго кошкон салымы болот эмеспи.
Бүгүн кыргыз элин батыш маданиятына ашкере ыктоо, адам укугун коргоо менен өнүктүрө албайбыз.Кыргыз элинин менталитетин, башкача айтканда өзүнүн үй-бүлөөлүк тарбиясын, тарыхын, философиясын, рухий дөөлөттөрүн, салт-санааларын калыбына келтирип, “Манасты” мыкты үйрөнгөндө, нукура кыргыз маданияты деген эмне экендигин терең түшүнгөндө гана кыргыз эли өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан тарбиялык кеченин максаты: жаштарды таалим-тарбияга чакыруу болуп төмөндөгүдөй темаларды камтыды:
· Жаштардын мекенчилдик сезимдерин калыптандыруу
· Студенттердин кийинүү этикасын сактоо
· Улууга урмат , кичүүгө ызат
· Уюлдук телефонду туура пайдалануу
· Студенттерди толеранттуулукка үйрөтүү
· Жаштардын коомдук жайларда өзүн-өзү алып жүрүү адебин үйрөтүү
Өз убакыттарын жана иш-аракеттерин жаштарга билим берүүгө жана тарбиялоого арнап келген улуу урматтуу агай- эжекелер тарбиялык кечеге чакырылып, келип күбө болуп акыл наасааттарын айтышып бүгүн глобалдашуу жүрүп жаткан учурда кыргыз элинин кылымдан калыптанып келе жаткан каада-салтын, рухий жана маданий дөөлөттөрүбүздү баалап сактоодо жаштарды тарбиялоо маселесинде өтө жогорку деңгээлде маани берип , мамиле жасоо максатында, жаштар менен ийри отуруп түз кеңешип жаштарды маданияттуу болууга чакырышты.
Дүйнөлүк тилдер жана маданияты факульетинин активдүү студенттеринин курамынан түзүлгөн жана туштук регион боюнча мыкты деп аталган Шайыр тапкычтар клубу (ШТК) таалим тарбияны камтыган миниатюраларды тамаша иретинде көрсөтүп студенттерди маданияттуулукка чакырды.
Ошондой эле, бул тарбиялык кечеде “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында даярдалган видеотасмалар(видеороликтер) студенттерге көрсөтүлүп, Өлкө башчыбыз тарабынан жылдын төмөндөгүчө аталышы бүгүнкү күндө мезгил талап кылган актуалдуу маселелердин бири экендигин студенттерибиз кеңири тушүнө билишти.
Кыргыз элинин келечеги- оозеки философиясында (макал-лакап ж.б.) музыкасында, оймо-чиймелеринде, каада-салттарында, тилинде. Мына ушуларда акыл катылып жатат, ушуларды терең үйрөнгөндө ган жаштар акылга каныгат, улуттук аң-сезими ойгонот, өнүгүп өсөт деген жыйынтык менен кече жыйынтыкталды. Тилди, каада-салтты сактаганда, тарбияны, бир сөз менен айтканда маданиятты өнүктүрүү менен гана элди, мамлекетти сайтап калабыз.
Дүйнөлүк тилдер жана маданияты факульетинин активдүү студенттеринин курамынан түзүлгөн жана туштук регион боюнча мыкты деп аталган Шайыр тапкычтар клубу (ШТК) таалим тарбияны камтыган миниатюраларды тамаша иретинде көрсөтүп студенттерди маданияттуулукка чакырды.










