Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата "Атагын көрчү тарыхтан, Асыл жан элең даанышман" аттуу адабий-музыкалуу кече медицина факультетинде болуп өттү
13:14
12-12-2017
3048
2017-жылдын 11-декабрында ОшМУнун медицина факультетинин мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары жана студенттердин күчү менен даярдалган "Атагын көрчү тарыхтан, Асыл жан элең даанышман" аттуу адабий-музыкалуу кече болуп өттү. Анда Ч.Айтматовго арналган ырлар көркөм окулду, "Кассандранын эн тамгасы" романынан үзүндү ролдоштуруп аткарылды. Чыгармаларынан турган инсценировка коюлду. Кечеге медицина факультетинин деканы А.А.Исмаилов баш болгон жалпы жамааты күбө болушту.