"Айтматовдун туулган күнүн утурлай..." деген темада БжМ факультетинде адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү
13:54
12-12-2017
2193
2017-жылдын 8-декабрь күнү бизнес жана менеджмент факультетинде мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары М.Апышова жана Р.Шаимкуловалар тарабынан "Айтматовдун туулган күнүн утурлай..." деген темада БжМ факультетинде адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Анда факультеттин өнөрлүү студенттеринин күчү менен даярдалган Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш, көркөм окуулар аткарылып, ыр-бийлер жаңырды.