Юридика факультетинин магистратура бөлүмүндө кезектеги конок лекция
10:25
02-03-2018
1919
2018-жылдын 1-март күнүн магистратура бөлүмүндө "Кыргыз Республикасынын укук чыгармачылык процесси" дисциплинасы боюнча конок лекция өткөрүлдү. Конок лекцияга Ош шаардык Кеңешинин спикери Ормонов Жапар Туратович келип, магистранттарга "Жергиликтүү кеңештердеги укуктук актыларды кабыл алуунун тартиби" темасы боюнча лекция окуп берди. Бул күнкү конок лекция юридика факультетинин деканы, профессор Г. К. Кулдышеванын демилгеси жана чакыруусу менен өткөрүлдү. Лекция суроо-жооп, талкуу менен коштолуп, кызыктуу өттү.