Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты: “Равные вожможности” коомдук бирикмеси университетте мыкты окуган, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия берет
20:02
Корея Республикасынын “Силоам” колдоо борборунун жардамы менен “Равные вожможности” коомдук бирикмеси университетте мыкты окуган, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия берүү үчүн конкурс жарыялайт. Стипендиянын өлчөмү 300$.
Конкурска катышуу үчүн талаптар:
1. КРдин аймагындагы университеттердин биринде, күндүзгү бөлүмдө окуган 2-курстан жогорку студенттер жана магистранттар катышууга укуктуу (ЖОЖдун билдирүүсү менен);
2. Мүмкүнчүлүгү чектелгендигин тастыктаган медициналык документтин копиясы;
3. Эң мыкты окуусу зарыл (зачеттук китепченин, транскриптин копиясы керектелет);
4. Көрсөтүлгөн документтерди 2018-жылдын 6-майында саат 18:00гө чейин тапшыруусу абзел.
Эскертүү: “Равные вожможности” коомдук бирикмесинен 2015-2016-2017-окуу жылдары жардам алган студенттер катыша албайт.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош МУнун башкы имараты, 219”б” каанасы.
Тел: +996 773 03 97 14, +996 778 21 65 40
2654 20:02 02-04-2018