Жанылыктар

Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары ачык сабак өтүштү

16-май күнү Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары: улук окутуучу Б. Байтикова, окутуучулар Г. Мамадыева, Ж. Максутовалар орус филологиясы жана МИТ факультеттеринде кыргыз тилинин практикалык курсу дисциплинасынан ачык сабактарды өтүштү. Ачык сабактарга кафедранын 13 мүчөсү катышты. Ачык сабак жумушчу программага ылайык "Эл алдына чыгып сүйлөөнүн талаптары", "Чечендик өнөр", "Талкуу жүргүзүүнүн маданияты" деген темаларда болду. Ачык сабактан кийин студенттер эл алдына чыгып сүйлөөнү сахналык көрүнүштөр, көркөм окуу аркылуу чагылдырып беришти. Сабакка катышкандар өтүлгөн сабактарга жогору баа берип, тажрыйба алмашууга ала турган ыкмалар жөнүндө ой бөлүштү. Ошону менен катар кафедранын усулдук иштеринин мыкты жүргүзүлүп жаткандыгын, бул ишти кафедранын усулдук кеңешинин башчысы жана кафедра башчысынын мыкты уюштуруп, жаш окутуучуларга чоң жардам бергендигин эске алышты жана ыраазычылык билдиришти.
2397 18:16 16-05-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|