«Пикир ордо» дискуссия-дебат клубунун жобосу
v «Пикир ордо» дискуссия-дебат клубун түзүүнүн
максаты:
ü Студент жаштарды саясий, укуктук жактан тарбиялоо;
ü Студенттер арасындагы достук мамилени чыңдоо жана жаңы достор табуу;
ü Студент жаштардын маданий-интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө салым кошуу;
ü Студенттерибизге тиешелүү болгон ар кандай көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга жана анализ жасоого, чечүүнүн жолдорун издөөгө тарбиялоого;
ü Дискуссия-дебатта эң маанилүү деп саналган маселелерди добушка коюу менен талкуулап, жыйынтыгын ректорго жана ректоратка билдирүү менен маселени чечүү:
v Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары
Ø Иш-чараларды мелдештин жадыбалы боюнча уюштуруу;
Ø Калыстар тобунун курамын бекитүү;
Ø Мелдештин өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;
Ø Мелдештин шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды мелдештен чечтетүү;
Ø Шартка байланыштуу зарыл учурда мелдештин жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү:
v Акыйкатчы аппаратынын факультеттердеги
өкүлдөрүнүн жана дебат бөлүм башчыларынын
милдеттери:
Ø Кезектеги дебат боюнча студенттерге так маалымат
берүү;
Ø Дебатка катышуучу командаларды аныктоо жана аларга
милдештин шарты, өткөрүү тартиби менен таныштыруу,
материалдык, идея жана моралдык жактан көмөк
көрсөтүү;
Ø Факультеттин дебат командаларын уюштуруу тобу менен
байланыштыруу (ОшМУнун башкы имараты, 219б-кабинет)
Ø Дебат болгон күн колдоочу студенттер менен камсыз
кылуу:
v Талапкерлерди каттоо жана дебатты өткөрүүнүн
тартиби:
Ø Каттоо уюштуруу тарабынан жүргүзүлөт;
Ø Каттоо арыздын негизинде ишке ашат;
Ø Мелдеш кыргыз тилинде өткөрүлөт;
v Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
Ø Дебатка ОшМУнун баардык факультеттеринен бирден
команда катыша алат;
Ø Мелдешке дебаттын форматтарын билген, интеллектуал,
сөзгө чечен студенттер тарбия иштери боюнча декандын
орун басарлары тарабынан тандалып, деканаттын сунушу
менен катталат;
Ø Мелдешке катышуучу командалар сүрөттөрү менен
белгиленген күнгө чейин каттаылышы керек:
v Калыстар тобу:
Ø Калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;
Ø Калыстар тобунун мүчөлүгүнө белгилүү дебатерлор,
ректорат жетекчилигинин өкүлдөрү, жаш саясатчылар,
жаштар комитетинин өкүлдөрү дайындалат:
эскертүү:
а) Мелдешке катышуучулар белгиленген убакытка чейин уюштуруу тобуна
кайрылууга тийиш;
б) Мелдештин шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу;
в)Мелдеш учурунда атаандаштарынын дарегине шек келтирбөө: