News

Магистратура департаменти Баткен областында!!!

Ош МУнун магистратура департаментинин директору доцент Камалов Эрлан, Табият таануу жана география факультетинин магистратура башчысы, доцент Молдалиев Жоомарт жана тарых-юридика факультетинин магистратура башчысы, окутуучу Минбаев Советбектен турган жумушчу топ иш сапары менен 4-5-июнь күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде, Баткен шаардык билим берүү башкармалыгында, Кадамжай райондук билим берүү башкармалыгында,Кызыл-Кыя шаардык билим берүү башкармалыгында,Кызыл-Кыя шаарындагы Төрөбай Кулатов атындагы тоо-техникалык колледжинде, Кызыл-Кыядагы медициналык колледжде,БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунда(КИТЭП), Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда, Башкаруу, укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясынын Лейлектеги филиалында, Сүлүктү, Исфана шаарларынын жана Лейлек районунун билим берүү башкармалыктарында болуп кайтышты. Жолугушуулар өз максаттарына жетти, себеби ОшМУда 26 багыт боюнча ачылган магистратура жана анын заманбап технологияларды колдонуу менен дистанттык билим берүү маселелери кеңири талкууланды. Педагогикалык багыттагы магистратура окутуучулар жана мектеп мугалимдери үчүн билимин, илимин өркүндөтүүчү аянтча боло ала тургандыгы баса белгиленди. ОшМУ жөнүндөгү жылуу пикирлер алган багытыбыздын тууралыгын жана кабыл алган чечимибиздин өз учурунда болгонун тастыктады. Аймактын социалдык-экономикалык абалын жана педагогикалык кадрларга болгон муктаждыкты эске алуу менен жолуккан жамааттардын баары бир добуштан магистратуранын керектигин жалпы эле билим берүү тармагында реформалык кадамдардын зарылдыгын баса белгилешти. img width=350 align=left src=//www.oshsu.kg/univer/temp/url/erlan/SDC17769.JPG align=left hspace=10>
7652 12:06 10-06-2014

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|