Новости

Стажер-окутуучу Юсупов Дурусбек Рустамович ачык сабак өттү.

2018-жылдын 23-октябрында кафедранын жаш стажер-окутуучусу Д.Р. Юсупов “Ачык сабактардын эки жумалыгы” иш-чарасынын алкагында өзүнүн ачык сабагын уюштурду. Сабак 3-курс 1-(а) тайпасына Саат 80:00дө 1-парада «Вкладки. Виды. Методы и клинико-лабораторные этапы изготовление. Показания к применению» аттуу тема алдын ала даярдалган иштелмеси боюнча өткөрүлдү. Негизинен алганда койгон максаты, уюштуруусу, өткөрүүсү, бышыктоо жана студенттердин активдүүлүгү окутуучу тарабынан белгилүү бир даярдыктын бар экендигин белгилеп турду. студенттерди эки группага бөлүп бири-бири менен жарыштыруу ыкмасы менен сабак өтүлдү. Сабактын өтүлүшүндө стеденттерге плакаттар, тиштин жасалма моделдери, кроссвордор колдонулду жана видеоролик көрсөтүлдү. Вкладка жөнүндө практикалык жана теориялык көндүмдөрдүн калыптанышына мүмкүнчүлүк түздү. Жаш окутуучунун сабак өтүүдөгү, анын жүрүшүндөгү айрым кемчиликтери талкууда белгиленди. Ачык сабакка катышышкан медицина факультетинен келген ОМК иштери боюнча жоопту А.Т.Турсунбаева, кафедра башчысы М.А.Арстанбеков жана окутуучу К.А.Абдуллаева анализ, баа берүү учурунда стажер-окутуучу тарабынан кетирилген кемчилдиктер б.а. максатты так коюу, күтүлүүчү натыйжаны белгилөө, студенттердин ойлорун жалпылоо, толуктоо, иштөө сыяктуу орундуу сунуштарын белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында, пландаштырылып жаткан кийинки ачык сабактарын өткөрүүдө сабактын иштелмесин алдын ала кафедранын методикалык семинарында талкуулоо жана жаш окутуучу тарабынан өз ара сабактарга катышууну колго алуусу милдеттендирилди. Жогорудагы талаптарды такай аткарууну мойнуна алып, жаш окутуучунун аракеттенүүсүн эске алганда уюштурулган сабагы келечектен көптү үмүттөндүрөөрү белгиленди.
1560 11:58 20-11-2018

                 

Новости

|< 4 5 6 7 8 >|