Новости

ОшМУда улуттук кийим-кечелерди даңазалашты

Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош өкүлчүлүгү менен биргеликте "Этно фотосессия" иш чарасын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө юридика факультетинин агай эжекелери да улуттук кийимдер менен салтанатка кызуу катышышты. Улуттук кийимде кийинген катышуучулар ОшМУнун алдында, ОшМУнун музейинде сүрөткө түшүп жагымдуу маанай тартууланды. Маданий иш-чара университеттин 85 жылдыгына карата уюштурулду. "Этно фотосессия" иш-чарасы кыргыз улуттук кийимин аздектөө, барктуулугун көтөрүү, даңазалоо максатында өткөрүлдү.
134 04:15 18-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|