Новости

Тажрыйба алмашуу

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Өзбекстан Республикасынын Ташкент областындагы Абу Али ибн Сина атындагы Алмалык коомдук саламаттыкты сактоо колледжинин окутуучулары үчүн уюштурулган "Кредиттик технологияны колдонуу менен окутууну уюштуруу" аттуу 144 сааттык курс ийгиликтүү аяктады. Семинардын тренерлери Толкун Папиева, Жыпара Асилбек кызы, Мубарак Чыналиева, Назгул Сатылгановалар 2026-жылдын 3-4-апрель күндөрү аталган окуу жайда иш сапарында болушту. Иш сапардын алкагында алар иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечектеги кызматташуу боюнча пландарды белгилешти жана семинардын угуучуларынан жыйынтыктоочу кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Иш чаранын соңунда семинардын угуучуларына ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу институтунун сертификаттары тапшырылды.
109 08:34 08-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|