Новости

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия славян университетинин базасында программалоо боюнча регионалдык олимпиадасы болуп өттү

28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия славян университетинин базасында программалоо боюнча “The 2023 ICPC Kyrgyzstan Regional Contest” регионалдык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага жалпы 46 команда жана Ош мамлекеттик университетинен OshSU_1 командасы катышты. Команданын курамында Пов-2-21 тайпасынын студенттери Усонов Адилет, Козубаев Жуманазар жана ПМИ-2-20 тайпасынын студенти Азизбек уулу Арген катышты. Жетекчиси ИСП кафедрасынын доценти Б.О. Кочконбаева. Олимпиаданын жыйынтыгында OshSU_1 командасы 32-орунга чыкты жана көп маалыматтарды алды. Келечекте алдынкы орунга жетет деп ишенебиз
326 17:08 10-12-2023

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|