Новости

Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү «Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнү» катары 2018-жылдан бери расмий белгиленип келүүдө.

«Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер» циклынын башчысы Мубарак Иманбаевна жетектеген циклдык жамаат «Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт»,- аталышындагы тарыхый жумалык өткөрүштү. Жумалыктын алкагында тайпаларга тарбиялык сааттар өтүлдү, “Кечээки күн тарых, эртеңки күн келечек”,-аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы андан соң “Тарыхтан калган кара тактар”,-аталышындагы видеопрезентациялар конкурсун ийгиликтүү өткөрүп, 03.11 күнү жыйынтыктоо иш-чарасы болду. Иш чаранын алкагында, студенттерге эгемендүүлүктүн баасын-баркын билүү менен мекенди сүйүүгө багытталган сөздөр айтылып, талкуу болду! Алдыдагы эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн урматтуу кесиптештер, өлкөбүздө тынчтык болуп, эгемендүү Кыргызстаныбыз өнүгө берсин, бар болунуздар!!!
324 07:10 05-11-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|