Новости

п.и.к. Орозбаев Жумабай Масировичтин демилгеси менен Республикалык денгээлде откорулгон «Жылдын мыкты мугалими-2023» конкурстарынын женуучулору менен жолугушуусу откорулду.

15- декабрь куну Индустриалдык - педагогикалык колледждин Педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучусу п.и.к. Орозбаев Жумабай Масировичтин демилгеси менен Республикалык денгээлде откорулгон «Жылдын мыкты мугалими-2023» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы- 2023» конкурстарынын женуучулору менен студенттердин жолугушуусу откорулду. Бул жолугушууга 1- орунду багындырган шаардагы Г. Айтиев атындагы орто мектептин англ. тили мугалими Алекова Элнура Алмазбековна конкурска кантип барып, кандай эмгектердин, мээнеттин аркасында бул женишке жетишкендигин айтып берди. Ал эми 2- орундун ээси Ноокат районун Крупская атындагы орто мектебинин кырг.тили мугалими Кенеш кызы Айпери аудиторияны мастер классы менен кызыктуу, жандуу усул колдонуу менен бир сабактын фрагментин корсотуп берди. Жылдын мыкты тарбиячысы конкурсунун женуучусу Ош шаарындагы Асан Усон балдар бакчасынын тарбиячысы Тыныбекова Мээрим Тыныбековна кантип бул кесипке ээ болуп, балдарга журогун арнап иштеп калганын толкундануу менен айтып берди. Андан кийин студенттердин суроолоруна жооп беришип, жогорку денгээлде талкуу жолугушуу отту. Бул жолугушуудан студенттер келечектеги кесибине позитивдуу коз караш, оз кесибине болгон урмат сыйлары арткандыгы даана корунду. Акырында мыкты мугалимдер, тарбиячылар педагогикалык кесиптин канчалык кыйынчылыгын, мээнеттуулугун, инсанды тарбиялоодо чон ордун тушундуруп, анын аркасынан керемет жашоо, жоодураган балдардын бактылуу элестерин айтышып студенттерге келечектеги кесибине чакыруу кат беришти. Бул иш- чарадан студенттер коп кызыктуу маалыматтарды алышып, мыкты мугалим болууга белсеништи. Ушул эле жолугушуу 20.12.23 куну КМОП то откорулуп, колледждин окутуучулары жана студенттери жогорку денгээлде кабыл алышты. Бул коллдежде да студенттер келечектеги кесибинин ыйыктыгына, ар тараптуулугуна, кесиптин ар жагында канчалаган эмгектер, мээнеттер жатканына тушунуп, мыкты мугалим болууга аракет кылабыз деп максат коюшту. Ал эми биз мыктыларга ийгилик каалап, уюштурган агайыбыз Жумабай Масировичке ыраазычылык билдируу менен чыгармачылык ийгилик кааладык!
329 13:11 23-12-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|