«Кыргызстан дагы элдик революциялар:24март жана 7-апрель-тарых жана сабактар»- аттуу тегерек стол откорулду.
07:37
08-04-2026
132
Бүгүн, 08.04.2026-жылы Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде коомдук илимдер жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары С.К. Исакулов, М.А. Жумаев жана А.Ж. Абдалимовалар тарабынан “Кыргызстандагы элдик революциялар: 24-март жана 7-апрель – тарых жана сабактар” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге 2005-жылдагы Кыргызстандагы Март революциясы жана 2010-жылдагы Кыргызстандагы Апрель революциясы тууралуу кеңири видеохроникалык маалымат берилип, баяндамалар жасалды. Тегерек столдун жүрүшүндө революциялардын себептери, жүрүшү жана коомдук-саясий мааниси талкууланды. Ошондой эле катышуучулар тарыхый окуялардан алынуучу сабактарга токтолуп, жарандык жоопкерчилик, мыйзамдуулук жана тынчтыкты сактоонун маанисин баса белгилешти.
Тегерек стол жандуу пикир алышуу форматында өтүп, студенттер өз ойлорун билдирип, суроолоруна жооп алышты. Иш-чара жаштардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууга жана мекенчилдик сезимин бекемдөөгө багытталып максатына жетип жыйынтыкталды.