“Орто кесиптик билим берүүдөгү окутуучу” багыты боюнча адистерди кайра даярдоо курсу
11:10
08-04-2026
135
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Алдынкы тажрыйбалар борборунда (АТБ) 2025-2026-окуу жылына карата “Орто кесиптик билим берүүдөгү окутуучу” багыты боюнча адистерди кайра даярдоо курсу ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Угуучулардын алгачкы агымын кабыл алуу 08.11.2025-жылы башталып, тиешелүү топторду толуктоо иштери 05.12.2025-жылы толугу менен аяктаган. Бүгүнкү күндө аталган курста жалпы билим берүүчү мектептердин, башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларынын (лицей, колледждердин) педагогикалык эмес адистикке ээ болгон 29 окутуучусу билим алууну улантууда. Окутуу процесси КР ББИМдин 26.10.2020-жылдагы №889/1 буйругунун (Лицензия №Е2018-0018, тиркеме №3) негизинде жүргүзүлүүдө. Окуу курсунун жыйынтыгында угуучуларга “Орто кесиптик билим берүүдөгү окутуучу” квалификациясы ыйгарылат.