Новости

Чемпион Динара Камчыбековна.

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча I орунду ээледи. Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча да I орунду багындырып,диплом жана медалдар менен сыйланды. Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө.
429 09:55 01-03-2024

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|